Нурила - Сен
Сен арбап келесиң,
Сен үмүт бересиң.
Сен ардагым,
Сен мага керексиң.
Сенин жытың магдыратып мас кылат,
Сенин күлкүң маанайымды шат кылат.
Сенин көзүң чалкып жаткан деңиздей,
Көңүлүмдү алып учуп шаштырат.
Сен дегенде селдей толкуп ташамын,
Сени ойлоп сан кыялга батамын.
Сезимдерим жалгыз сага арнаган,
Сени сүйүп сен деп жашап жатамын